Ташиев Балыкчыда коммуналдык кызматтар үчүн 100 миллион сомдук техникаларды тапшырды
Бүгүн, 6-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар берилди. Алар жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары.
Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.
Иш-чарада атайын кызматтын жетекчиси элдин кайрылууларына дагы көңүл бурду. Анда аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыздоо жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзамсыздыктар боюнча маселелер айтылып, төрага жеринде тапшырма берди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















