super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда шатдаундан улам миңдеген авиакаттамдар токтотулду

 

АКШнын транспорт министри Шон Даффи өкмөттүн иши токтоп тургандыгына (шатдаунга) байланыштуу өлкөнүн эң ири 40 аэропортунан учууларды 10 пайызга кыскартуу буйругун берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Даффинин айтымында, мындай чечим коопсуздук маселелеринен улам кабыл алынган. Шатдаундун айынан 13 миң авиадиспетчер жана 50 миң транспорттук коопсуздук кызматкери айлык акысыз иштеп жатат. Натыйжада алардын көпчүлүгү ооруп жатканын айтышып ишке чыкпай жатышат же башка жумуш издешүүдө.

Авиадиспетчерлердин жетишсиздигинен улам шатдаун башталгандан бери он миңдеген рейстер кечигип, 3,2 миллионго жакын жүргүнчү жабыркады.

АКШдагы өкмөттүк шатдаун 1-октябрдан бери уланып, өлкө тарыхындагы эң узакка созулган шатдаун болуп калды. Ар бир жума сайын экономиканын чыгымы 2 миллиард долларга чейин жетүүдө.

Конгресс каржылоо маселесинде демократтар менен республикачылардын саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздандырууга байланышкан чыгымдар боюнча пикир келишпестигинен улам бир пикирге келе албай жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: