super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Кыргызстанга иш сапар менен келүүнү пландоодо

 

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 2026-жылы Борбор Азиядагы беш өлкөгө, тагыраагы, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга иш сапар менен барууну пландоодо. Бул тууралуу ал АКШнын мамлекеттик департаментинде өткөн кабыл алууда айтты. Иш-чарага аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

"Мен жеке өзүм келерки жылы сиздерге барууну пландап жатам. Бул, балким, бир аптадан көп мөөнөттөгү сапар болот. Биз бул ишти биргеликте аткарууга тийишпиз", - деди Рубио.

Ал ошондой эле АКШнын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүү, рынокторго жетүү жана табигый ресурстарды пайдалануу маселелеринде кызыкчылыктары дал келерин баса белгиледи. АКШ бул кызматташтыкты эки тараптуу деңгээлде жана C5+1 форматы боюнча кеңейтүүнү көздөп жатат.

Марко Рубио кошумчалагандай, Борбор Азия узак убакыт бою АКШнын тышкы саясатынын негизги фокусунан тышта калган, бирок учурда бул кырдаал өзгөрүүдө.

"Бул кызыктуу мүмкүнчүлүк. Биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз дал келет, өзгөчө экономикалык өсүү жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө", - деди Рубио.

Эске салсак, C5+1 АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) бириктирген регионалдык дипломатиялык платформа болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: