super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Сыймыктанасыңар". Оштун мэри Жашылдандыруу ишканасында иштегендердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты 

 
Жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы жаңы жылдан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолуккан учурда айткан.
Анда мэр айлык акыдан тышкары турак жай маселеси да чечиле турганын кошумчалай кеткен.
"Буга чейин Жашылдандыруу ишканасында үч негизги көйгөй бар болчу. Биринчи силердин иштеп жаткан жериңер өтө начар эле. Азыр шаардагы эң кооз, заманбап имарат силердики. "Жашылдандыруу ишканасында иштейм" деп сыймыктанасыңар. Экинчи техникаңар 100 пайыз жаңыланды. Үчүнчү айлык акыңар, бул маселени жаңы жылдан кийин чечип беребиз.
Жетекчиңер айтты, дээрлик баарыңардын 75 пайыз жумушчунун үйү жок экен. Азыр Кең-Сайдан үй баштадык.
Ошол жактан үй берем. Айлыңарды көтөрсөк 20 миң сомдон төлөп, үй ала аласыңар", - деген мэр.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарына Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталып, ага Оштун мэри катышкан.





Оштун мэри Жашылдандыруу ишканасында иштегендердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: