Эми адамдар кинодогудай учуп жүрүп калышабы? Кытайда укмуштуу аппарат сыноодон өттү (видео)
Кытайда Чжэцзян университетинин изилдөө борборунун инженерлери адамдын учуусуна шарт түзүп берген аппаратты ийгиликтүү сыноодон өткөрүшкөнүн чет элдик басылмалар жазышты.
Аппарат астында саатына болжол менен 100 чакырым ылдамдыкка жете алат. Ал адамды 2 метр ашык бийиктикте кармай алат. Учуунун узактыгы 3 мүнөттөн 5 мүнөткө чейин созулат. Аппарат деңиз деңгээлинен болжол менен 1500 метр бийиктикте иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Аны иштеп чыккан инженерлер аппарат беш реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылганын, анын капталдарында күйүүчү май бактары бар экенин, өзү 31 килограмм салмакта, ал эми толук бак менен 46 килограммга чейин жетерин айтышкан.
Муну иштеп чыгуу 3-4 жылга созулса, учуу сыноосу 2 жылга созулган. Инженерлер аппараттын башкаруу элементтерин өздөштүрүү бир аз убакытты талап кыларын баса белгилеген.
Кытайда укмуштуу аппарат сыноодон өттү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















