Дайырбек Орунбеков электр энергиясына болгон тартыштыкка түшүндүрмө берди
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыктын келип чыгышын көптөгөн завод-фабрикалардын курулушу менен байланыштырды.
Ал электр энергиясына болгон тартыштык мурда да болуп келгенин, ал учурда көйгөйдү чечүү иштери жүрбөгөнүн айтып, учурдагы бийлик бул боюнча чараларды көрүп жатканын белгиледи.
"Мамлекетибиз бүгүнкү күнгө чейин Совет доорунда, тактап айтканда, 60–70 жыл илгери курулган ГЭСтердин эсебинен жашап келди. Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алгандан кийин, узак убакыт бою, тагыраагы, дээрлик 30 жыл аралыгында жаңы энергетикалык булактар курулган жок.
Ал аралыкта калктын саны өсүп, ар жылы жүздөгөн жаңы имараттар, завод-фабрикалар курулууда. Алардын баары электр энергиясына муктаж. Натыйжада бүгүнкү күндө жарык тартыштыгы жаралып жатат. Бул көйгөй азыр эле чыккан жок, мурда да бар болчу. Бирок ал кезде маселе альтернативдүү жол менен чечилбей, кошуна өлкөлөрдөн кымбат баада электр энергиясы сатып алынып, элге арзан сатылган. Натыйжада мамлекет карызга батып келе берген.
2021-жылдан тартып, президентибиз Садыр Жапаров энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу багытында реформаларды баштады. Көп жылдар бою айтылып, бирок ишке ашпай келген "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 1860 МВт түзөт. Ал толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат. Мындан тышкары өлкө боюнча чакан жана орто ГЭСтерди куруу аркылуу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аракеттери жүрүп жатат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Айта кетсек, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев электр жарыгына болгон тартыштыкты экономиканын өсүшү менен байланыштырган.
Бийлик кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн ачыктап, элди сарамжалдуу пайдаланууга үндөп келет. Кышында кандай абал болушу мүмүн? Бул шилтемеден окуңуз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:29
2025-11-06
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















