Ташиев Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө жаңы үйдүн ачкычын тапшырды (сүрөт)
Бүгүн, 6-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарындагы 6 үй-бүлөгө жаңы курулган турак жайлардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган үйлөрдүн ачкычын Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында тапшырган.
"Турак жайдын ээлеринин буга чейинки жашаган үйлөрү темир жолго жакын жайгашкандыктан кооптуу жана жашоого ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен аларды башка жакка көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы турак үйлөр салынып берилген", - деп жазылган маалыматта.
Шаардын коопсуз аймагына салынган үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык тиричилик жабдыктары менен камсыздалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















