super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өлкөдө ишке берилген жана курулуп жаткан ГЭСтер тизмектелди

 
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өлкөдө ишке киргизилген жана курулуп жаткан ГЭСтерди тизмектеди.
Ал билдиргендей, былтыр өлкө боюнча бир катар жаңы гидроэлектр станциялары ишке берилген. Алардын жалпы кубаттуулугу 48,84 МВтты түзөт:
  • Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу).
  • Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу).
  • Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу).
  • Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу).
  • Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу).
  • Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу).
  • Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу).
  • Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу).
Быйыл ишке берилген жана бериле турган ГЭСтер:
  • Кой-Суу ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу).
  • Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу).
  • Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу).
  • Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу).
  • Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу).
Мындан тышкары мурдагы ири ГЭСтерде реконструкция иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулган:
  • Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты жаңыртылып, 240 МВт кубат кошулду.
  • Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду. Ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет.
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВт экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө.
  • Ат-Башы ГЭСинде жаңыртуу аркылуу 11,44 МВт кошулду.
  • Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө.
  • Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланууда.
2025–2030-жылдары курула турчу чакан ГЭСтер:
  • 2025-жылы Баткен, Ош жана Чүй облустарында Кожо-Кайыр (Базарбай-Ата-3), Курак-Тектир-2, Шамшы жана Кең-Төр-1 ГЭСтери курулууда (жалпы 3,93 МВт).
  • 2026-жылы 25 чакан ГЭС курулуп бүтөт. Алардын ичинен негизгилери:
  • Орто-Токой ГЭСи (21 МВт).
  • Куланак ГЭСи (100 МВт).
  • Тургент ГЭСи (26 МВт).
  • Майлы-Суу ГЭСи (26 МВт).
  • Ак-Суу ГЭС-3 (17,66 МВт) жана башка көптөгөн долбоорлор.
2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кире турган болсо, 2028–2030-жылдары болсо Конорчок, Кызыл-Суу, Кичи-Кемин, Кыштуут жана Ылдыйкы Тар ГЭСтери курулмакчы. Ошондой эле ал жакынкы жылдары ишке ашуучу келечектүү долбоорлордун катарына Чоң-Кемин ГЭСи (26 МВт, Чүй облусу) жана Чок-Тал ГЭСи (3,7 МВт, Ысык-Көл облусу) кирерин белгиледи.
Мындан тышкары Орунбеков электр энергиясына болгон тартыштыктын келип чыгышына түшүндүрмө берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: