"Бир иштетели". Оштун мэри жолдо турган милиция кызматкерлерин көчөт отургуздурду (видео)
Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын мэриясы Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталганын кабарлады.
Көчөт отургузуу ишин калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев өзү баштап берди. Ал бул иш-чарада жол боюнда кызматтык милдетин аткарып турган милиция кызматкерлерин да ишке тартты.
"Могу милиция кызматкерлери да бирден көчөт отургузсун. Булардын колу жакшы болот. Баскыла! Буларды да бир иштетели", - деди ал.
"Бир иштетели". Оштун мэри жолдо турган милиция кызматкерлерин көчөт отургуздурду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















