"Шаки деген бай чыккан". Ташиев "Аюнун" негиздөөчүсүн мамлекетти тоноого айыптады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовду спирт ичимдиктерине болгон акциздик салыкты төлөбөй келген деп айыптады.
Ал азыркы бийлик келгенге чейин акциздик салыктан чогултулган сумма 200 миллион сомду түзүп келгенин, учурда бул көрсөткүч 30 миллиард сомго чыкканын айтты.
"Мына, мамлекетин салыгын талап-тоноп байышкан. "Аю" деген бир компанияны билесиздер. Шаки деген бай чыккан. Кантип бай болду? Мамлекеттин акциздерин тоноп, салыкты төлөгөн эмес", - деди Ташиев Балыкчы шаарында.
Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. Учурда Абдыкеримов кайда экени белгисиз. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.
Ташиев "Аюнун" негиздөөчүсүн мамлекетти тоноого айыптады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















