super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ташиев мамлекеттин тонолгон байлыгынын 70 пайызга жакыны кайтарылганын айтты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарына болгон иш сапарында мамлекеттин тонолуп кеткен байлыгынын 70 пайызга жакыны кайтарылганын билдирди.

Ал өлкө эмгемендик алганда СССРден калган завод-фабрикалар бир канча адамдын менчигине өтүп кеткенин белгилеп, аларды кайтаруу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Ошонун негизинде мамлекетибизде миңдеген бай адамдар пайда болгон. Ал эми калган миллиондогон адамдарыбыз жакыр бойдон калып калган. Кийин да мамлекетти тоноо иштери уланган. Бийликке келгендер мамлекеттин байлыгын уурдай башташкан", - деди атайын кызматтын башчысы.

Ташиев президент мамлекетти күчтөндүрүү жана элдин жашоосун жакшыртуу тапшырмасын койгонун белгиледи.

"Бул үчүн финансы керек болчу. Анан ошол талап-тоногондордун тизмесин алып, алардын мамлекеттен алган байлыктарын кайтарганга аракет кылдык. Бүгүнкү күндө ошол таланган мамлекеттин байлыгынын 70 пайызга жакыны кайтып калды", - деп кошумчалады.






Ташиев мамлекеттин тонолгон байылыгынын 70 пайызга жакыны кайтарылганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: