Калкка электр энергиясы боюнча сунушталган "чексиз тариф". Жетекчилерге чара көрүлдү
Энергетка министрлиги электр энергиясы боюнча элге сунушталган "чексиз тариф" "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" акционердик коому тарабынан алдын ала министрлик менен макулдашылбастан көтөрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан улам министрлик аталган акционердик коомунун жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү үчүн ал акционердик коомдун директорлор кеңешине кат жолдогон. Директорлор кеңеши катты карап чыгып, чечим кабыл алган.
Натыйжада "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев менен анын орун басары Уларбек Дүйшө уулуна сөгүш берип, электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчиси Исабек Орозбаев кызматынан бошотулган. Ошондой эле "Кыргызстандын улуттук электр тармагына" калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырмасы берилген.
Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин ишин сынга алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















