Казакстанда концерттерде фонограмма колдонууга тыюу салынат
Казакстанда 200 жана андан көп көрүүчү катышкан концерттерде фонограмма колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, фонограмманы телевизиялык контент даярдоодо жана концерт өткөрүүгө ылайыкташпаган жайларда гана колдонууга уруксат берилет.
"Музыкалык чыгармаларды аткарууда жана мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө фонограмма колдонулуп жатканын көрүүчүгө маалымдоо милдети тууралуу кошумча жоболор киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары акимиаттарга китепканалардын фонддорун сактоо жана өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү, мамлекеттик китепканаларга билим берүү жана маданий иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү үчүн китепкана жайларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















