super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

22-сентябрда Эл аралык Көчмөндөр мурасынын күнүн белгилөө сунушталды (фото)

 
Кечээ, 6-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын алкагында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиянын жыйынында баяндама жасап, өз сөзүндө министр социалдык жана гуманитардык илимдердин адилеттүү, инклюзивдүү жана туруктуу дүйнөнү калыптандыруудагы маанилүү ролун белгилеп, бул багыттагы ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгү тынчтыкты жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон зор салым экенин баса белгиледи.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада Мамбеталиев президент Садыр Жапаровдун “22-сентябрь – Эл аралык Көчмөндөр мурасынын күнү” деп жарыялоо демилгесин расмий түрдө сунуштады.
Бул демилге Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу катчылыгы тарабынан даярдалып, уюмга мүчө 22 өлкө тарабынан колдоого алынды.
"Табият менен гармонияда жашоо жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмүнө негизделген көчмөндөрдүн философиясы туруктуу келечекти издеген азыркы дүйнө үчүн шыктануу булагы боло алат", — деп белгиледи Мамбеталиев.
Министр ошондой эле катышуучуларды 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Ал бул ири эл аралык иш-чара көчмөн элдердин бай маданий мурастарын сактоого жана даңазалоого, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана маданияттар аралык түшүнүшүүнүн принциптерин илгерилетүүгө багытталганын белгиледи.
"Эл аралык Көчмөн мурасынын күнүн белгилөө менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана маданият менен илим аркылуу муундар ортосундагы диалог үчүн аянтча түзүүгө өбөлгө болот", — деди министр.
Сөзүнүн соңунда Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКО уюмуна жана бардык мүчө мамлекеттерге кыргыз демилгесине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, аталган демилгени бир добуштан колдоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: