super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Масктын компаниясы ага 1 триллион доллар төлөп берет

 

Tesla компаниясынын акционерлери кечээ, 6-ноябрда компаниянын башкы директору Илон Маскка 1 триллион доллар өлчөмүндөгү компенсациялык пакет төлөп берүүнү колдоп добуш беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Түз эфирдин жазмасы компаниянын X социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланды.

Бул чечимди акция ээлеринин 75 пайызы колдоду.

28-октябрда Tesla'нын директорлор кеңешинин төрайымы Робин Денхолм акционерлерди Маскка 1 триллион долларлык компенсация төлөөнү колдоого чакырып, эгер бул чечим кабыл алынбаса, Маск компаниядан кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Бул сунуш акционерлер тарабынан 5-ноябрга чейин бекитилиши керек болчу, бирок ага каршы пикирлер да айтылган.

Дүйнөдөгү эң ири консалтинг фирмаларынын бири болгон Institutional Shareholder Services бул сумма "астрономиялык" экенин белгилеп, добуш берүүдө каршы болууга чакырган.

Мындан тышкары бир катар профсоюздар жана корпоративдик байкоочулар Масктын саясий активдүүлүгү компаниянын аброюна зыян келтириши мүмкүн деген жүйө менен бул төлөмгө каршы кампания уюштурушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: