super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жапаров АКШда "Борбордук Азия – АКШ" (С5+1) саммитине катышты 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Вашингтон шаарында "Борбордук Азия – АКШ" (С5+1) саммитинин башталышынын алдында басма сөз үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Дональд Трампка жылуу кабыл алганы жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз-америка мамилелерине карата, төрт багытты белгилей кетти:
- экономика жана инвестициялар, туризм;
- гидроэнергетика;
- санарип экономика, жасалма интеллект, IT-чөйрөсү;
- коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.

Бул өңүттө Садыр Жапаров кыргыз тарап Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору баалаарын баса белгиледи.

“Өз кезегимде, мен дагы мамлекет башчысынын кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом. Бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу”, - деди Садыр Жапаров.

Ал кесиптештери менен бирге бул милдетти, эң негизгиси тынчтык жолу аркылуу, ишке ашыра алганын канааттануу менен белгиледи.

Жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат”, - деди мамлекет башчысы жана C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгын өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле биргелешкен аракеттер конкреттүү жыйынтыктарга, өлкөлөргө өз ара пайда алып келерине ишенимин билдирди.

Дональд Трамп Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып, Чыгыш менен Батышты бириктирген чөлкөмдүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

АКШнын Президенти Дональд Трамп ошондой эле экономикалык коопсуздукту чыңдоону жана жеткирүү чынжырын кеңейтүүнү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Америка Кошмо Штаттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги пункттарынын бири катары белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: