super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Вашингтон шаарында президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашты.

Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айткан мамлекет башчысы өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар экенин баса белгиледи. Алардын көбү IT-чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат.

Садыр Жапаров ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл буруп, АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири болуп эсептелген стейблкоиндерди жөнгө салуучу Genius Act мыйзамын белгиледи.

Жапаров Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин – KGST'и ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

"АКШнын президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: