super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ким менен Бакальчук Wildberries боюнча тынчтык келишимине кол коюшту

 

Орусиянын Москва шаардык соту Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким менен анын мурдагы күйөөсү Владислав Бакальчуктун ортосундагы мүлктү бөлүштүрүү боюнча сот ишин токтотту. Тараптар тынчтык келишимине кол коюшкан.

"Бүгүн ажырашкандан кийинки мүлктү бөлүштүрүү процесси боюнча чекит коюлду. Биз мурдагы жолдошум экөөбүз эки тарапты тең канааттандырган шарттар менен тынчтык келишимине жетиштик. Бири-бирибизге жол бере алганыбызга кубанычтамын", - деди Татьяна Ким өзүнүн Telegram каналында.

Сот келишим кечээ, 6-ноябрда апелляциялык аныктама менен бекитилгенин ырастаган. Владислав Бакальчук бул жагдай боюнча азырынча комментарий берген жок. Келишимдин так шарттары белгисиз.

Эске салсак, 2024-жылдын июнунда Татьяна Ким Wildberries менен Russ компанияларын бириктирерин жарыялаган. Бирок анын күйөөсү Владислав Бакальчук бул чечимге каршы чыгып, компанияларга жана Кимге каршы сотко кайрылып, активдердин өткөрүлүшүн мыйзамсыз деп таанууну талап кылган.

Кийин жубайлардын ортосундагы чыр уланган. Москвадагы Wildberries кеңсесинин алдында атышуу болгон. Эки адам каза болуп, он адам жаракат алган, анын ичинде үч полиция кызматкери бар. Тараптар бири-бирин провокацияга айыпташкан. Татьяна бул окуяны рейдерлик басып алуу аракети деп атаган.

Ошол эле учурда интернетте Владислав Бакальчуктун Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жанында отурган, Кадыровдун ага "Татьянаны үй-бүлөгө кайтарып берүүнү" убада кылган видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: