super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстан Израил менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча Авраам макулдашууларына кошулат

 

Казакстан Израил менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча Авраам макулдашууларына кошулуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана Борбор Азиянын башка төрт өлкөсүнүн лидерлеринин АКШга сапарынын алкагында жарыяланды.

AFP агенттиги белгилегендей, бул Америка лидеринин Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттерин колдоого багытталган.

Лидерлер Ак үйгө келгенден кийин Трамп Truth Social социалдык тармагында жазгандай, ал, Токаев жана Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Кол коюу аземи тууралуу жакын арада жарыялана турганы айтылган.

Казакстан бийлиги кийинчерээк макулдашууларга кошулуу "табигый жана логикалык" кадам экенин билдирген.

"Биздин Авраам макулдашууларына кошулуубуз диалогго, өз ара урматтоого жана аймактык туруктуулукка негизделген Казакстандын тышкы саясат курсунун табигый жана логикалык уландысы", — деп айтылат Казакстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Эске салсак, Казакстан бул демилгеге кошулган биринчи Азия өлкөсү болуп саналат.

Авраам макулдашуусу – Израил менен бир катар араб мамлекеттери ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга багытталган 2020—2021-жылдары кол коюлган сериялык келишимдер. Макулдашууларга Дональд Трамптын биринчи администрациясы (2017—2021) негизги роль ойногон. Бул макулдашууга БАЭ, Бахрейн, Марокко жана Судан жана Израил кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: