Аялын кызганып... Жогорку Кеңешке талапкер адам өлтүрүүгө шектелип кармалды
Бишкекте Жогорку Кеңешке талапкер болгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, 6‑ноябрда саат 17:34 чамасында Бишкек шаарынын Ленин району боюнча ички иштер бөлүмүнүн кезектеги бөлүмүнө Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнөн Б. Э. аттуу 1990-жылы туулган жарандын ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жабырлануучу сол колунун экинчи манжасында кесилген жаракат жана ачык сыныктары менен ооруканага жеткирилген.
Жабырлануучу Б. Э. жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, 6‑ноябрда саат 13:30 чамасында Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү 1982-жылы туулган Ш. К. аттуу жарандын үйүндө жаңжал болгонун билдирген.
Белгилүү болгондой, үйдүн ээси жабырлануучуну аялы менен кат жазышкан деп айыптаган. Андан соң спорттук сумкасынан балта чыгарып, "экөөңөрдү өлтүрөм" деп коркутуп, жабырлануучуга кол салган.
Биринчи сокку жабырлануучунун жамбашына тийген, экинчи сокку сол колунун бир манжасына тийип, манжанын бир бөлүгү кесилип калган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү ЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматка караганда, Ш. К. Жогорку Кеңешке №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган.
Ошондой эле мурда ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген.
Жергиликтүү басылмалар Ш.К. аттуу шектүү Шабданбаев Канат экенин жазышууда. Ал Ысык-Көл облусунда туулган. 2021‑2023-жылдар аралыгында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору кызматын аркалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















