БШК Кудрет Тайчабаровду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №19 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Кудрет Тайчабаровду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Тайчабаров БШКга шайлоого катышуу жөнүндө арызын 27-октябрда тапшырган. Ал эми 6-ноябрда өткөн жумушчу топтун отурумуна Тайчабаров да катышты.
Анда Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясына аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш киргизилген.
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалым катында жана ушул жылдын 3-ноябрында жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында Тайчабаров 2021-жылы Бишкек шаарындагы “Blonder Pub” аттуу кафе-барда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен бирге түшкөн сүрөттө чын эле өзү экенин 2025-жылдын 4-ноябрында тергөө алдындагы материалдар боюнча күбө катары сурак берүү учурунда тастыктаган.
Маалым катта Тайчабаров кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбекке жакын байланышы бар болгондуктан, “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп Ички иштер министрлигинин ыкчам каттосуна коюлду деп көрсөтүлгөн.
Шайлоо мыйзамына ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу уюмга же куралдуу топко тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам алдын алуучу каттоодо турса, же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
БШК жогорудагыларды эске алуу менен Тайчабаровду талапкер кылып каттоодон баш тартты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















