Тегеранда суу кризиси күчөп, шаарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгү каралууда
Ирандын президенти Месуд Пезешкиян Тегеранда жакын арада жаан жаабаса, келерки айдан тартып шаарда суу чектөөлөрү киргизилерин, ал да натыйжа бербесе, борбор калааны эвакуациялоо зарылдыгы тууларын билдирди. Ал Сенендедж шаарындагы жыйында сүйлөп, өлкө кургакчылыктан улам олуттуу суу тартыштыгына туш болгонун белгиледи.
Пезешкиян Иранда жаан-чачындын азайышы жана суу ресурстарынын жетишсиздиги өлкөнү табигый кризиске алып келерин айтып, сууну жана энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
"Эгер жаан жаабаса, Тегеранда суу чектөөлөрүн киргизебиз. Андан кийин да абал оңолбосо, суубуз түгөнөт жана шаарды бошотууга туура келет", - деди ал.
Тегеранды негизинен Эмир Кебир, Лар, Мамлу, Талекан жана Латьян суу сактагычтары камсыздайт. Бирок акыркы беш жылда жаан-чачын көлөмү кескин азайып, быйыл нормадан 40 пайыз төмөндөгөн. Адистер суу деңгээли акыркы жүз жылдагы эң төмөн чекке түшкөнүн жана азыркы абалда Тегеранга болгону эки жумага жетчү суу запасы калганын билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















