Ош шаарынын мэри Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди куттуктады
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди куттуктады.
"Урматтуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!
Сиздер коомдун ой-пикирин калыптандырууда, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш көпүрөсүн түзүүдө талыкпай эмгектенип келесиздер.
Эркин жана так маалымат – бул өнүккөн, ачык коомдун негизги белгиси. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, чындыкты чагылдырууга болгон аракетиңиздер элдин ишенимин арттырып, коомубуздун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет.
Ар дайым элдин үнүн, коомдун муктаждыгын чагылдырууда тайманбастык, адилеттик жана кесипкөйлүк сиздердин башкы принциптердин бири бойдон калсын. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттары эң чоң мааниге ээ жана жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган.
Ош шаарынын мэриясынын жасап жаткан иштерин чагылдырууда кошкон салымыңыздар чоң. Ал үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалайм!"- деп берилет куттуктоодо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















