Бишкекте 126 мыйзамсыз жарнама алынды
Бишкек шаарында мамлекеттик тил жана жарнама мыйзамдарын аткаруу максатында кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, Биринчи май районундагы Исанов жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө 126 мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциясы алынган. Сегиз протокол түзүлүп, жалпы 40 миң сом айып салынды.
Ошондой эле Свердлов районундагы Гоголь көчөсүндө жеңил конструкциялар демонтаждалууда. Бул иштер шаарды көрктөндүрүү жана коопсуздукту камсыздоо максатында улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:13
2025-11-07
0:17
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















