super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Миланда "Кайрат" менен "Интердин" күйөрмандарынын ортосунда жаңжал чыкты (видео)

 

Италиялык клуб "Интер" менен казакстандык "Кайрат" клубунун беттешинен кийин "Сан-Сиро" стадионунда эки команданын күйөрмандарынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Казакстандын жергиликтүү басылмалары мушташка "Интердин" күйөрмандарынын адепсиз иш-аракеттери себеп болгонун жазышууда. Бирок полиция жана стадион кызматкерлери күйөрмандарды тез эле таратышкан. Бирок бул тууралуу азырынча расмий мекемелер билдирүү жасай элек.

Эске салсак, 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Миланда Чемпиондор Лигасынын негизги баскычындагы төртүнчү турдун алкагында өткөн оюнда "Кайрат" клубу италиялык "Интерге" 1:2 эсебинде жеңилип калган.

Биринчи голду "Интердин" аргентиналык чабуулчусу Лаутаро Мартинес оюндун 45-мүнөтүндө киргизген. Экинчи таймда казакстандык клуб бурчтан топ ойнотуп, "Кайраттын" коргоочусу Офри Арад италиялыктардын дарбазасына гол киргизүүгө жетишкен. Бирок 67-мүнөттө Карлос Аугусто да бир гол киргизип, эсеп "Интердин" пайдасына чечилген.

Төрт оюндан кийин "Кайрат" клубу бир гана упай топтоду. Ал эми "Интер" төрт оюндан кийин 12 упай менен топтун лидерлигин сактап турат.









Миланда "Кайрат" менен "Интердин" күйөрмандарынын ортосунда жаңжал чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: