Санкт-Петербург – Ош учагында коштоп жүрүүчү менен урушуп кеткен кыргызстандык жүргүнчүгө кылмыш иш козголду

Орусия Федерациясынын ИИМинин Түштүк Урал башкармалыгы Санкт-Петербург - Ош учагында борт коштоп жүрүүчү менен урушуп кеткен кыргызстандык жүргүнчү, 29 жаштагы Чыңгыз Темировго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, ага Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "бирөөнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылды.
Учурда "сырт жакка кетпөө жөнүндө кол кат" аркылуу тыюу салынып, Орусиянын Челябинск шаарында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-январда жүргүнчү менен коштоп жүрүүчүнүн ортосундагы чыр-чатактан улам №887 Санкт-Петербург – Ош рейси Челябинск шаарындагы аэропортко конууга мажбур болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-3

жакында эле тьюмендин бир губернаторубу же чон акимиби ушинтип ката кетирип камап койгон эле штрафын толоп болушунча кечирим сурап аран чыктыго андыктан сенда болушунча керим сура эми
Мас болуп сени же сенин таанышына асылсачы кочоодо? Мындай кыргыздардан коро жок болгону жакшы.
мас, алкаш согуша да албайт, калп эле кыйын боло беришет.
Озу негизинен борто арак сатпаш керек и тамекини откорбошу керек .
Ээ туугандар ушинтсек кантип онолобуз?