6-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтогон унааларга каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бул иш-чаранын максаты – коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө.

Рейддин алкагында бир күндө аялдамаларга токтотулган 27 унаа аныкталып, айып короо жайына киргизилди.

"Урматтуу айдоочулар, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга унааңыздарды токтотпооңуздарды суранабыз", - деп берилет маалыматта.