Албания менен Грециянын чек арасында 100 миңден ашык жөргөмүштүн желеси табылды (видео)
Албания менен Грециянын чек арасында дүйнөдөгү эң ири жөргөмүш желеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Subterranean Biology журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, анда 111 миң жөргөмүш жашайт жана аянты 106 чарчы метрге жетет.
Маалым болгондой, желеде 69 миң Tegenaria domestica жөргөмүшү жана 42 миң Prinerigone vagans жөргөмүшү жашайт. Илмпоздордун пикиринде, бул көрүнүш жөргөмүштөрдүн колониялык жүрүм-турумунун биринчи далили болуп эсептелет.
Изилдөөнүн башкы автору Иштван Урак белгилегендей, бул колония — эки түрдүн ушунчалык көп санда бир желеде бирге жашаганы уникалдуу учур.
Албания менен Грециянин чек арасында 100 миңден ашык жөргөмүштүн желеси табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:45
2025-11-07
11:43
2025-11-07
10:31
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















