super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баткенде саламаттык сактоо тармагынын 9 айлык жыйынтыгы талкууланды

 
Баткенде Саламаттык сактоо тармагынын облустук координациялык кеңешинин ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча отуруму болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жыйында саламаттык сактоо тармагынын 9 ай аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы, жугуштуу оорулардын алдын алуу, камсыздандыруу маселелери жана ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген координациялык кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы талкууланды.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, координациялык кеңештин мүчөлөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги, энелер менен ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчтөрү, жана жугуштуу оорулардын, анын ичинде кургак учуктун көбөйүшү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков жыйындын жыйынтыгы боюнча медицина тармагын тейлеген жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу, жаш адистерди аймактарга тартуу, саламаттык сактоо мекемелерин зарыл шарттар менен камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу тапшырмасы коюлду.
Жыйындын соңунда калктын саламаттыгын чыңдоо, оорулардын алдын алуу жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: