super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШга инвестиция тартат... Өзбекстан Американын ири компаниялары менен келишим түздү

 

Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары жана Өзбекстан соода келишимин түзүшкөнүн билдирди. Макулдашуунун алкагында АКШга жүз миллиард доллардан ашык инвестиция салынат.

"Мен Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы укмуштуудай соода-экономикалык келишим жөнүндө жарыялап жатканыма кубанычтамын. Алдыдагы үч жыл ичинде Өзбекстан дээрлик 35 миллиард доллар сарптап жана инвестициялап, ал эми кийинки он жыл ичинде 100 миллиард доллардан ашык каражатты АКШнын негизги тармактарына, анын ичинде маанилүү пайдалуу кендерди казып алуу, авиация, автоунаа тетиктерин чыгаруу, инфраструктура, айыл чарба, энергетика жана химия өнөр жайы, маалыматтык технологиялар жана башка тармактарга жумшайт.
Урматтуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирем. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы узак жана жемиштүү мамилелерге ишенебиз!" - деп жазды ал Truth Social платформасында.

Мирзиёев жана АКШнын соода министри Говард Латник катышкан 6-ноябрдагы тегерек столдун жыйынтыгында Өзбекстандын компаниялары жана мамлекеттик органдары америкалык компаниялары менен бир катар келишимдерге кол коюшкан.

Атап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлган:

  • Өзбекстандын Геология министрлиги жана Denali Exploration Group компаниясы ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди өндүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишим;
  • Өзбекстандын Өнүктүрүү жана реконструкция фондусу жана Re Element Technologies компаниясы ортосунда сейрек кездешүүчү металлдар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишим;
  • Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги жана Flowserve компаниясы ортосунда насос станцияларын модернизациялоо боюнча келишим;
  • Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги жана Valmont Industries Inc. компаниясы ортосунда заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча келишим;
  • Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлиги жана Palo Alto Networks компаниясы ортосунда жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишим;
  • Uzbekistan Airways жана Boeing компаниялары ортосундагы келишим — анда Boeing 787−9 Dreamliner учактарына болгон катуу заказ 14төн 22 учакка чейин кеңейет;
  • Өзбекстандын Datacrop компаниясы жана Louis Dreyfus Company ортосунда соя буурчактары жана шрот жеткирүү боюнча келишим;
  • “Узсаноатэкспорт” жана Cargill компаниясы ортосунда пахта жеткирүү боюнча келишим.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: