super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Токтоткула". Шоумен Турсынбек Кабатовдун кызы атасы тууралуу билдирүү жасады 

 

Белгилүү казакстандык куудул, шоумен Турсынбек Кабатовдун кызы атасы тууралуу алгачкы жолу билдирүү жасады.

Ал социалдык баракчасына атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, атасын жакшы көрө турганын жазган.

"Кандай адам болбосун, мен атамды аябай жакшы көрөм. Ар бир адам ката кетирет. Атам мени дайыма колдоп турат. Ал аябай жакшы ата. Ата, мен сизди жакшы көрөм", - деп жазган шоумендин кызы Айым.

Ошондой эле ал социалдык тармактын колдонуучуларын алардын үй-бүлөсүнүн окуясын талкуулоону токтотууга чакырган.

"Атам жөнүндө жаман сөз айтканды ар кандай видеолорду таратканды токтоткула. Бул жашоодо баары эле идеалдуу боло бербейт", - деген ал.

Эске салсак, Кабатовдун мурунку жубайы Молдир Муканова Ютуб каналга интервью берип, жеке жашоосу тууралуу маек курган. Анда ал Турсынбек Кабатовдун 14 жылдан бери экинчи аялы бар экендигин, ага карабастан Муканова үй-бүлөсүн ушул убакытка чейин сактаганын айткан. Ошондой эле учурда 5 баласы менен атасы сүйлөшпөй, алардын телефон номерлерин "кара тизмеге" киргизгенин айтып берген.

Ал эми шоумен Турсынбек Кабатов мурунку аялынын резонанс жараткан маегинен кийин билдирүү кылып, балдарын "кара тизмеге" салбаганын алар менен байланышта болуп жүргөнүн жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: