super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Майкл Жексондун өмүрү тууралуу биографиялык тасманын трейлери жарык көрдү (видео)

 

"Майкл" аттуу биографиялык тасманын биринчи тизер-трейлери жарык көрдү. Фильм поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кинолентанын режиссёру америкалык Антуан Фукуа. Башкы ролду маркум ырчынын өзүнүн жээни — Жаафар Жексон аткарат.

Фильм Майкл Жексондун чыгармачылык жолун баяндайт. Анын "Jackson Five" тобундагы алгачкы кадамдарынан тартып, дүйнөлүк поп-иконага айланганына чейин чагылдырылган. Жаратмандар белгилешкендей, тасмада ырчынын музыкалык жетишкендиктери гана эмес, анын ички дүйнөсү, амбицисиялары, кыйынчылыктары жана алдыга умтулуусу да көрсөтүлөт.

Бирок фильмди жаратуу учурунда бир катар кыйынчылыктар болгон. Юридикалык талаштардын айынан айрым тартылган эпизоддорду алып салууга туура келген. Кайра тартуу иштери сентябрь айында аяктады. Азыр тасма акыркы монтаждоо стадиясында. Ырчынын соттук териштирүүлөргө жана өмүрүнүн соңку мезгилине байланыштуу көрүнүштөр фильмге киргизилген эмес.

Фильмдин АКШдагы премьерасы 2026-жылдын 24-апрелинде өтөт.






Майкл Жексондун өмүрү тууралуу биографиялык тасманын трейлери жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: