Ош облусунун жетекчиси Ноокаттагы мектептин капиталдык оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды (фото)
Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев иш сапар менен Ноокат районуна барып, Төөлөс айыл аймагындагы Уркуя Салиева атындагы орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сапар учурунда облус башчысы курулуш иштеринин кечеңдеп жатканын белгилеп, подрядчы компаниянын жетекчисине биринчи окуу корпусун 15-ноябрга чейин толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү жана балдарды кышта үшүтпөй шарттуу мектепке киргизүү боюнча тапшырма койду. Өз кезегинде куруучу мекеменин жетекчиси аталган мөөнөттө объектти бүтүрүп берүүгө убада берди.
Уркуя Салиева атындагы мектеп 1967-жылы курулган. Ал эки кабаттан турат жана 524 окуучуга ылайыкташкан. Имараттын эскилиги жеткенине байланыштуу 2024-жылы капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда окуучулардын бир бөлүгү экинчи корпуста окууну улантып, калган бөлүгү онлайн форматта билим алууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















