super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алайда милициянын көчмө кабылдамасы элге тейлөө көрсөттү

 
Алай РИИБдин жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен Гүлчө шаарын кыдырып, эл менен маектешти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Анда милиция кызматкерлери эл арасында орун алып жаткан үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата жасалган кылмыштар, кыз ала качуу жана башка укук бузуулар боюнча сурамжылоо жүргүзүшүп, элдин пикирин угушту.
Жергиликтүү тургундарга эгерде кандайдыр бир зомбулукка кабылса же, күбө болсо, тезинен жакынкы аралыктагы ички иштер органдарына же, 102 кыска номуруна кабарлоону эскертишти.
Маектешүү учурунда 9 жаранга жеринде юридикалык кеңеш берилди. Ал эми 3 жарандын кайрылуусу караштуулугу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн графиктин негизинде айылдарды кыдырып, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: