Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн текшерди
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттин
Иш башкармасынан билдиришти.
Туманбаев Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ипотекалык негизде курулуп жаткан 29 блоктон турган турак жай комплексинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, алардын аткарылышын текшерди. Учурда курулуш иштери толук ыргагында жүрүп, бекитилген графикке ылайык жана жогорку сапаттык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.
Жалпы долбоор боюнча 1905 батир курулууда, анын ичинде 9 блок — 9 кабаттуу, 20 блок — 15 кабаттуу үйлөр. Ар бир кабатта 5 батирден орун алган, ар бир батирге жеке газ казаны орнотулат. Турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылган жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда.
Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган — балдар жана спорт аянтчалары, жашыл зоналар, жөө жүрүүчү жолдор, кең автотоктотуучу жайлар, ошондой эле мектеп жана бала бакча жөө аралыкта жайгашат.
Бул турак жай комплекси Садыр Жапаровдун жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу демилгесинин алкагында ишке ашырылып жаткан маанилүү социалдык долбоор болуп саналат.
Президенттин иш башкаруучусу кошумчалагандай, курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү зарыл.
Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн текшерди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















