super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирзиёев Украинадагы конфликтти ким токтото турганын айтты

 

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Украинадагы жаңжалды токтото ала турган жалгыз адам АКШнын президенти Дональд Трамп болуп саналат. Бул тууралуу UzNews порталы кабарлады.

"Мен муну сизге Өзбекстанда да айткам, бизде сизди тынчтыктын президенти деп аташат. Сиз сегиз согушту токтотууга жетиштиңиз. Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту да токтото ала турган жалгыз адам — бул сиз. Биз буга абдан үмүттөнөбүз", - деди Мирзиёев Трамп менен жолугушуу учурунда.

Өзбек лидери ошондой эле АКШнын президентине "ишенимге негизделген келечекти түзүүгө жардам берип жатканы үчүн" ыраазычылык билдирди.

7-ноябрда Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу процессинде ийгиликтерге жетишилгенин айткан. Анын айтымында, жакын арада тараптар чечим кабыл алып, тынчтык келишимине кол коюшат.

Вашингтондогу "Евразия борборунун" вице-президенти Эрл Расмуссен белгилегендей, Трамп айрым жаңжалдарды токтоткону менен, айрымдарын тескерисинче күчөтүп жиберген. Анын айтымында, жаңы президент келгенден кийин Израил менен Палестинанын ортосундагы чыңалуу күчөп, Израилдин Иран менен болгон мамилеси да кыйла начарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: