Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды
Кыргызстандын жараны Элеонора Нуралиева жашоосундагы оор кырдаалга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, келиндин балалыгы балдар үйүндө өтүп, акыркы жылдары үч уулу менен турак жайсыз калган. Уулу ооруп, анын дарыларына жана жашоо-тиричилигине каражат жетпей келгенин билдирген.
Кыйын абалды эске алып Ташиев ага Бишкектен эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан тышкары банктагы карызын төлөп, паспорт алуу жана турмуштук маселелерин чечүүгө жардам көрсөттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















