Трамп Казакстанга иш сапары менен келиши мүмкүн
Борбор Азия мамлекеттеринин жана АКШнын лидерлеринин жолугушуусунда Дональд Трамптан ал Казакстанга келген биринчи АКШ президенти болууну пландап жатабы деген суроо берилди. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.
Трамптан Казакстанга келген биринчи АКШнын президенти болуу ниети тууралуу сурашкан.
"Мындай мүмкүнчүлүктү четке какпайм. Мен бул тармактардын баарын абдан маанилүү деп эсептейм. Бир жылдан кийин эмне болорун эч ким билбейт. Силердин өлкөңөр табигый ресурстарга өтө бай, ал эми президентиңер абдан мыкты адам",-деди Трамп.
Маалыматка ылайык, Казакстан менен АКШ авиация, минералдык ресурстар жана санариптик технологиялар тармагында жалпы суммасы 17 миллиард доллардан ашык болгон жаңы келишимдерге кол коюшкан.
Эске сала кетсек, Вашингтондо учурда АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн беш лидери катышкан С5+1 саммити өтүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















