super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Япония Түндүк Кореянын ракета учуруусуна байланыштуу нааразычылыгын билдирди

 

Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Минору Кихара билдиргендей, Токио Бээжиндеги дипломатиялык каналдар аркылуу Түндүк Кореяга расмий түрдө протест нотаcын жөнөткөн. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

"Биздин оюбузча, Түндүк Корея ар кандай ракеталарды, спутниктерди учурган жана өзөктүк сыноолорду өткөрүү сыяктуу чыңалтуучу аракеттерин улантышы мүмкүн", - деди Кихара.

Бүгүн, 7-ноябрда Yonhap агенттиги Түндүк Корея АКШнын санкцияларына каршылык иретинде Япон деңизи тарапка баллистикалык ракетаны учурганын кабарлаган. Бул 22-октябрдан берки биринчи ракетаны учуруу жана быйылкы жылдагы жетинчи учур болуп эсептелет.

Ал эми дүйшөмбү күнү Түндүк Кореянын Сары деңиздин түндүк бөлүгүнө болжол менен 10 артиллериялык ракета учурганы кабарланган. Бул окуя АКШнын коргоо министри Пит Хегсетт эки Кореянын ортосундагы демилитаризацияланган аймакка келерден бир саат мурун болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: