ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жөө өтмөктөн жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу качып кетти" дейт окурман
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Жибек Жолу–Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн өтүп бараткан жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп кеткенин билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 4-ноябрь күнү кечинде болгон. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Окуя жакынкы жердеги видео байкоого түшүп калган.
Азыркы убакта жабырлануучу ооруканада. Ал эми айдоочу изделүүдө. Жабырлануучу тарап күнөөлүүнүн табылуусун жана окуяга күбөлөрдү издейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
ЭЛДИК КАБАР: Жөө өтмөктөн жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу качып кеткен
0

Супер-Инфо
super.kg видео















