super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылышы болду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анда Касымалиев Кыргызстан үчүн мындай масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүү чоң сыймык экенин белгилеген.

"Бишкекте дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу ар кайсы континенттердин, маданияттардын жана каада-салттардын өкүлдөрү чогулду. Бул спорт адамдарды бириктирип, чек араларды жоюп, адамзаттын башкы идеалдарын – тынчтыкты, достукту жана өз ара урматтоону ишке ашыра тургандыгынын ачык далили.

Бул чемпиондуктун өзгөчө мааниси бар – ал Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналган! Биздин өлкөдө бул спорттун тарыхы 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын алгачкы негизин түптөгөндө башталган. Ошондон бери самбо Кыргызстандын спорттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калды", - деген ал.

Өкмөт башчысы бул чемпиондук жогорку деңгээлде өтүп, унутулгус эмоцияларды тартуулап, дүйнөлүк самбонун тарыхында маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирген.

"Сиздер өз өлкөлөрүңүздөрдүн сыймыгысыздар, талыкпаган эмгектин, күчтүү рухтун жана жеткилеңдикке умтулуунун үлгүсүсүздөр. Бишкектеги бул күндөр жаркын жеңиштердин, калыс беттештердин убактысы болсун. Ал элдердин ортосундагы достук байланыштарды бекемдеп, тынчтыктын жана спорттук боордоштуктун символу болуп калсын", - деп жыйынтыктаган ал сөзүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: