Ынтымак ордодо көмүрдүн, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча жыйын болду
Бишкектеги Ынтымак ордодо президенттин администрациясы өлкөнүн өзгөчө экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо, ошондой эле көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу майдын, азык-түлүктүн баасына дыкат көзөмөл жүргүзүү маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, отурум президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин видео-конференц байланыш аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болду. Жыйынга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылган.
Жыйынга катышкандар негизинен көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууну талкуулашкан. Бул багытта Төрөбаев райондук мамлекеттик администрациялар, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, укук коргоо органдарына өлкөдөгү көмүр базалардагы бааны жана күйүүчү-майлоочу майдын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.
Ошондой эле Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасына, жергиликтүү бийлик органдары жана көмүр кендери менен тыгыз кызматташуу, калкка көмүрдү жеткиликтүү баада, үзгүлтүксүз жана өз учурунда керектүү көлөмдө камсыздоо милдеттери коюлган.
Мындан тышкары социалдык объекттерди альтернативдик жылытуу системаларына өткөрүү иштерин карап чыгуу белгиленген. Аны менен катар, жалпы социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларына көзөмөлдү күчөтүү жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жарманкесин ишемби, жекшемби күндөрү келерки жылдын жаз мезгилине чейин уюштуруп өткөрүп туруу тапшырмасы коюлду.
"Жылытуу мезгилинде калктын керектөөсүнө 1 миллион 465 миң тонна көмүр керектелсе, бюджеттик мекемелер үчүн 309,14 миң тонна керек. Өлкө боюнча 720 көмүр саткан база ачылган. Отурумда коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралары эскертилди", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















