АКШ Израилди ХАМАСтын согушкерлерине туннелдер аркылуу качууга уруксат берүүгө чакырды
АКШ жана башка бир катар өлкөлөр Газа тилкесинде Израилдин күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда камалып калган 150гө жакын ХАМАС согушкерлерине туннелдерден качууга уруксат берүү үчүн Израилге кысым көрсөтүүдө. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.
"Келишимге жетишүү үчүн кысым болуп жатат. Маселе чечилет окшойт. Бирок чечим азырынча сунуштала элек", - деген басылманын булагы.
Булактын айтымында, согуштун максаты ХАМАСты куралсыздандыруу. Эгер согушкерлер эркиндикке чыгып кетишсе, анда ал максат талкаланат.
Буга чейин Израил Газа тилкесиндеги алар көзөмөлдөгөн аймактарда ХАМАСтын инфраструктурасын жана согушкерлерин жок кылууну улантуу ниетинде экенин билдирген.
Израилдин эсеби боюнча, учурда Израил көзөмөлдөгөн аймактардагы туннелдерде ХАМАСтын 200 согушкери калууда. Алар жер астынан чыкпастан жана израилдик аскерлер тарабынан байкалмайынча артка чегине алышпайт.
9-октябрга караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын бийликтери Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ сунуш кылган пландын биринчи фазасына макул болгонун билдирген. Планга ылайык, Хамас Газаны башкаруудан чыгып кетиши керек. Бардык аскерий, террористтик жана чабуулчу инфраструктура, анын ичинде туннелдер жана курал-жарак чыгаруучу жайлар талкаланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















