Дубай миллионерлер үчүн эң мыкты шаарлар рейтингинде Нью-Йоркту басып өттү
Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаары кыймылсыз мүлк брокери Savills Plc түзгөн рейтингде кирешеси жогору адамдар үчүн эң жагымдуу калаа деп аталды. Savills Plc эксперттери 30 дүйнөлүк мегаполиске талдоо кылышкан.
Дубайды бир катар факторлор, анын ичинде мураска жана капиталга салыктын жоктугу, өнүккөн инфраструктура, коопсуздуктун жогорку деңгээли алдыга алып чыккан. Андан тышкары Бириккен Араб Эмираттары байларга 10 жылдык жашоо жана салык жеңилдиктерин берген "алтын визаны" сунуштайт.
АКШнын Нью-Йорк шаары Savills Plc рейтингинде экинчи орунду ээледи. Эксперттер анын жагымдуу бизнес климатын, салыктык жеңилдиктерин жана геосаясий туруктуулугун белгилешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
12:46
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















