super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 5-6-ноябрда АКШга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалымдалгандай, сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Эндрюс авиабазасына конгон. Экинчи күнү Садыр Жапаров АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Жеймс Риш жана Конгресстин сенаторлору менен жолугушту. Саясий жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери, ошондой эле өлкөлөрдүн соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Андан ары өлкө башчысы АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондогу Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Лидерлер жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог өз ара аракеттенүүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышына өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришкен. Андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти С5+1 саммитине катышты.

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаров басма сөз каражаттары үчүн билдирүү жасады. Ал биргелешкен аракеттер конкреттүү натыйжаларды берерине жана өлкөлөрдүн өз ара пайдасына өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирген. Мамлекет башчысы саммитте сүйлөгөн сөзүндө бул иш-чара айыл чарба, электрондук коммерция, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк-финансы чөйрөсү сыяктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

АКШга болгон иш сапарын аяктаган соң Садыр Жапаров кечээ, 7-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: