АКШ Сириянын президентин террористтердин тизмесинен чыгарды
АКШнын Мамлекеттик департаменти Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шарааны террористтердин тизмесинен чыгарганын расмий түрдө жарыялады.
"Мамлекеттик катчы Мухаммед аль-Жавлани деген ат менен белгилүү болгон Сириянын президенти аш-Шарааны атайын дайындалган глобалдык террористтердин тизмесинен чыгарды", - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
Анда бул аракет Сирия жетекчилиги көрсөткөн прогрессти таануу үчүн жасалып жатканы белгиленген. Тактап айтканда, Мамлекеттик департамент жаңы Сирия өкмөтү дайынсыз жоголгон америкалыктарды табуу, терроризмге жана баңгизатка каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу, калган химиялык куралдарды жок кылуу жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн иштерин тактаган.
Аш-Шарааны террористтердин тизмесинен чыгаруу чечими Сирия лидеринин Вашингтонго сапарынын алдында кабыл алынган.
Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши аш-Шараага жана Сириянын ички иштер министри Анас Хаттабга каршы санкцияларды алып салуу боюнча АКШнын резолюциясын колдоп добуш берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















