467 адам ат салышмакчы... Парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, жалпы 467 талапкер катталган. Алардын 276сы эркек болсо, 191и айым талапкерлер. Депутаттыкка аттангандар №19 округдан эң көп болуп, саны 25ти түздү. Ал эми шайлоого эң аз №11 округдан катышмакчы. Ал округдан 5 талапкер ат салышат.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
Быйылкы шайлоо жаңы кабыл алынган мыйзам менен өтөт. Анда кандай өзгөрүүлөр бар? Бул шилтемеден окусаңыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















