Ооганстан–Пакистан тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктады
Bloomberg басылмасы ишемби күнү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Пакистан–Ооганстан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн дагы бир айлампасы ийгиликсиз аяктаганын жазды.
"Ооган расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр келишимсиз аяктады. Анткени талибдер чек арадагы согушкерлердин чабуулдарын чектөө боюнча бекем кепилдик берүүдөн баш тартышты", - деген Пакистандын коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф.
Асиф Пакистандын делегациясы ийгиликсиз кайтып келгенин билдирди.
"Ортомчулар да артка чегиништи. Эгер алар ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн көрүшсө, бизден калууну суранышмак", - деген министр.
Белгилей кетсек, Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы кырдаалга 9-октябрдагы Кабулга жасалган соккулар себеп болгон. Ооган өкмөтү жардыруулар үчүн Пакистанды айыптаган. 11-октябрда Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы Пактия провинциясында кагылышуу болгон. Эки тараптан тең ондогон адамдар каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















