Жо Байден Трампты катуу сынга алды
АКШнын мурдагы президенти Жо Байден аталган өлкөнүн учурдагы лидери Дональд Трампты катуу сынга алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал Омаха шаарында өткөн Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөп жатып, Трамптын аракеттери өлкөнү уятка калтырып жатат деп айткан.
"Мен сиздин түшүнүшүңүздү каалайм, президент мырза, сиз биз үчүн иштейсиз, биз сиз үчүн эмес. Сиз биз үчүн иштейсиз, жөн гана миллиардерлер жана миллионерлер үчүн эмес. Мен ачууланып жатам. Бул жерде демократия, ал эми демократияда падышалар жок. Анын аракеттери бизди өлкө катары уятка калтырат", - деген мурдагы президент.
Белгилей кетсек, Жо Байден 2021-жылдан 2025-жылга чейин АКШнын президенти болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















