Дайырбек Орунбеков Кудрет Тайчабаров тууралуу айтылган кептерге жооп берди
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган Кудрет Тайчабаров тууралуу айтылган кептерге жооп берди.
"Кудрет Тайчабаров убагында президент Садыр Жапаровду колдоп жүргөн болчу" деп жазып жаткандарга: Убагында колдоп жүргөндүк – ал адамды эч кандай жоопкерчиликтен куткарбайт. Чын жүрөктөн колдоп келгендер, азыр дагы колдоп, жакшы эле жүрүшөт. Мындан ары дагы "мен президенттин жакынымын, мурда колдоп жүргөм" деп мыйзам бузгандар болсо, алар башкалар сыяктуу эле жазага тартыларын эскертебиз", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Орунбеков ошондой эле өлкө башчысынын тарапташтары билимине жараша жумуштарга киргенин билдирди.
Айта кетсек, Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон делип кармалды. Тайчабаров кармалганга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:56
2025-11-08
13:38
2025-11-08
22:23
2025-11-07
21:24
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















